Катар ультиматумга жооп кайтарды

5-Июль 2017, Шаршемби

Доха кошуналарынын талаптары реалдуу эмес деп эсептеди.

Катар бийлиги өзүнүн кувейттик өкүлү аркылуу 5-июлда мөөнөтү аяктай турган араб өлкөлөрүнүн ультиматуму боюнча Сауд Аравияга жооп кайтарды.

Катардын Тышкы иштер министри Мухаммад бен Абдель Рахман Аль Тани коюлган шарттарды кабыл алынгыс деп эсептерин айтты.

“Кандай гана талап болбосун реалдуу жана аткарууга мүмкүн болгудай болуусу керек. Ал эми бул сунушталгандарды аткаруугу мүмкүн эмес. Бул жерде террорчулук боюнча сөз болгон жок. Сөз эркиндигин, суверендүүлүктү бузуу жана ички иштерге кийлигишүү жөнүндө айтылып жаткандай”,-деген түшүндүрмө берди ультиматум тууралуу айткандарында.

Эске сала кетсек, Сауд Аравиясы, БАЭ, Бахрейн жана Египет Катарга 13 пункттан турган талап койгон. Анда дипломатиялык мамилелерди кайтарыш үчүн Катар Иран менен болгон достугунун деңгээлин төмөндөтүп, террорчуларды каржылоосун, коңшу мамлекеттердин ички иштерине аралашуусун токтотушу шарт. Ошондой эле, “Аль-Жазира” телеберүүлөр тармагы өз ишин аяктатышы керек.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!