Муссон жамгыры 43 адамдын өмүрүн алды

5-Июль 2017, Шаршемби

Пакистанда муссон жамгырларынан пайда болгон сел 43 адамдын өмүрүн алды.

Өлкөнүн Табигый кырсыктар боюнча улуттук башкармалыгынын билдиргенине караганда провинциялардан Пенжапта 11, Белужистанда 15, Синдде 6, Хайбер-Пахтунхвада 2 адам көз жумган. Ошондой эле айрым аймактарда 60 үйдү кыйроого алып келген.

Пакистандын тарыхында эң чоң сел апааты 2010-жылы болгон. Анда Индия дарыясынын ташкыны 20 миллионго жакын тургунга кесепетин тийгизип, 2 миң адамдын өмүрүн алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!