Качкындардын агымын аскерлер токтотот

5-Июль 2017, Шаршемби

Австрия Италиядан келген качкындардын агымын токтотуу максатында чек арасына аскерлер жиберилгенин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдирген.

Азырынча 750 аскер жиберилгенин, Жер ортолук деңизинен келген качкындардын саны азайбаса бул көрсөткүч дагы көбөйөрү баса белгиленген.
Австрия Венгрия менен болгон чек арасындагы өтмөктөрдү катуу көзөмөлгө алган.
Белгилей кетсек, Италия буга чейинки билдирүүсүндө качкындардын агымы азайбаса портторун жаба тургандыгын эскерткен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!