​"Чалдовар" бекетинин иши жаңыланат

7-Июль 2017, Жума

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө бекетин жаңылоо пландалууда. Ремонттон кийин бекеттин калкты тейлөө мүмкүнчүлүгү эки эсеге жогорулайт. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылктар кызматынан маалымдашты.

Учурда “Чалдовар” күнүнө 5 миң киши жана 300 автоунаа өткөрүүгө кудуреттүү. Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршекеевдин айтымында, модернизациядан кийин анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү эки эсеге жогорулайт. Бекетте кызматкерлердин санын көбөйтүү дагы каралууда.

Жаңылоо иштерин октябрга чейин бүтүрүү пландалууда. Долбоордун сметалык баасы 13,9 миллион сомду түзөт.

Өлкөнүн премьер-министри Сооронбай Жээнбеков көзөмөл-өткөрмө бекеттин кирүү-чыгуу жолдорун кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн кароону тапшырып, жергиликтүү тургундардын жана чет өлкөлүк коноктордун чек ара кызматкерлерине карата арыздануусуна көңүл бурууга үндөдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!