Катар кризиси күч алды

7-Июль 2017, Жума

Египеттин Тышкы иштер министри Самех Шукри Катар төрт араб өлкөсүнүн талаптарына терс жооп бергенин билдирди. Ал эми Сауд Аравиянын Тышкы иштер министри Адель ибн Ахмед аль-Жубейр Катар саясатын жакшы жагына өзгөрткөнгө чейин саясий жана экономикалык байкот күчүндө каларын айтты. “Катарга карата жасала турган кадамдар убагы келгенде эл аралык мыйзамдардын чегинде жасалат”,-деди министр.

Сауд Аравияны кошкондо алты мамлекет үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда террорчулукка колдоо көрсөттү деген негизде Катар менен дипломатиялык мамилелерин токтотууну чечкен. Ага удаа июнь айынын аяктарында Кувейт, Сауд Аравия, Египет, Бириккен Араб Эмираты жана Бахрейн ультматум же 13 беренеден турган талаптарды Катарга сунуштаган. Суверендүүлүктү кысымга алып, ички иштерге аралашты деген негизде Катар талаптарды жокко чыгарган.

Сиси менен Трамп сүйлөштү

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Египеттин президенти Абдель Фатта аль-Сиси телефон аркылуу Катар кризисин талкуулаганы Ак сарайдан келген билдирүүдө белгиленген.

“Air Force One” үлгүсүндөгү учак менен Германияга бара жатканда жолдо Дональд Трамп Абдель Фатта аль-Сисиге телефон чалган. Анда Катар жана айрым араб өлкөлөрүнүн ортосундагы кризиске баа берилди. Президент Трамп бардык тараптарды Рияд саммитинде кабыл алынган террорчулукту каржылоону токтотуу, экстремисттик идеологияларды жокко чыгаруу чечиминин негизинде сүйлөшүүгө чакырды”,-деп жазылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!