Марста жашоого мүмкүн эместиги далилденди

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Шотландиядагы Эдинбург университетинин окумуштуулары Марс планетасынын бетинде перхлорат деген химиялык заттар бар экендигин, андан улам микроорганизмдердин жашоосуна мүмкүн болбой тургандыгын билдиришти. Бул зат хлор кислотасынын туздарынан турары, алар уу бөлүп чыгарары аныкталган.

Изилдөөнүн жыйынтыгы “Scientific Reports” журналына жарыяланган.
Кызыл планетаны изилдөө үчүн учурулган “Феникс” аппаратты Марстын кыртышынын химиялык курамын анализдеп жаткан учурда перхлораттарды 2008-жылы тапкан. Изилдөөдө бирикменин кыртышта 0,4-0,6 пайызды түзөөрүн, ультра кызыл нурлар планетанын бетине тийгенде бирикмеден уу бөлүнүп чыгарын аныкташкан. Ошондой эле окумуштуулар кызыл планетада жашоонун жок болуусуна бул заттар себеп болгонун болжолдошту.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!