Монголиянын президенти шайланды

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Сүрөтчү, спортчу, ишкер жана саясатчы Халтмаагийн Баттулга Монголиянын президенти болуп шайланды. “Женко” корпорациясынын ээси, өлкөсүндөгү эң бай адамдардын бири орус жана англис тилдерин билет.

Добуш берүүнүн экинчи айлампасына 1 миллион 207 миң 787 шайлоочу же элдин 60,67 пайызы катышкан. Оппозициячыл Демократиялык партиядан талапкер Халтмаагийн Баттулга президенттик шайлоодо 610 451 (50.61 пайыз) шайлоочунун колдоосун алып алып жеңишке жеткен.

Халтмаагийн Баттулга 1963-жылы 3-мартта Улан-Батор шаарында туулган. Аталган шаара мектепти аяктагандан кийин Көркөм өнөр мектебине тапшырган. Аны аяктап, 1982-жылы Сүрөтчүлөр ассоциациясында эмгек жолун баштаган.

Ал эми саясаттагы карьерасы 2002-жылы башталган. Баянхонгор аймагында Монголияда “дзуд” деп аталган катаал кыш болгон. Аталган аймакта туулуп өскөн ата-энеси жаратылыштын катаал шартынан малы кырылган жергиликтүү малчыларга жардам берүүнү суранат. Жөнөкөй калктын оор жашоосу менен жакындан таанышкан Халтмаагийн Баттулга ошондон баштап саясатка аралашууну чечкен. Алгач депутат болуп шайланып, Монголиянын транспорт, өндүрүш министри болуп эмгектенген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!