Мосул ИМден толук бошотулду

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади өкмөттүк армияны сегиз айга созулган Мосул шаарын террорчулардан бошотуу операциясындагы жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөт башчынын аппаратынын билдирүүсүндө айтылганын Борбор Азия жаңыылктар кызматы кабарлады.

Ирактын аскерлери АКШ баштаган эл аралык коалициянын колдоосу менен Мосулду бошотуу операциясын 2016-жылдын октябрь айында баштаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 2014-жылы өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террорчулардын карамагына өткөн Мосул шаары үчүн салгылашуу миңдеген жай тургундардын өмүрүн алып, миллиондой адамды үй-жайын таштап качууга аргасыз кылды.

Бийлик Мосул үчүн негизги согуш аяктаганы менен, шаардын айланасындагы айылдарда "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери мындан кийин да кол салууларды уюштура бериши ыктымалдыгын эскертти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!