​Өзбекстан визасын жоюуну талкуулады

11-Июль 2017, Шейшемби

8-июлда Өзбекстандын президенттик администрациясы жана тиешелүү министрликтер менен агенттиктердин мүчөлөрү чет өлкөгө бара турган жарандар үчүн чыгуу визасын алып салуу маселесин талкуулашты. Азырынча жыйында кандай чечим кабыл алынгандыгы белгисиз. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Январда өкмөттүн сайтында бул боюнча президенттин жарлыгынын долбоору жарыяланган. Анда чет өлкөлөргө чыгууну каалаган өзбекстандыктар милдеттүү түрдө чыгуу визасын алышы керек деген эрежени жоюу нормасы каралган. Совет доорунан бери сакталып келаткан бул эреже өлкөдөн чыгууну каалаган Өзбекстан жарандары үчүн чоң тоскоолдук болуп эсептелет.

Чыгуу визасын жоюу сунушу өткөн жылы бийликке келген Шавкат Мирзиёвдин тушунда өлкөнү ачык кылууга багытталган демилгелердин бири болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!