ЕБдин элинин саны белгилүү болду

11-Июль 2017, Шейшемби

Европа биримдигинин (ЕБ) калкы өткөн жылдан бери 1 миллион 526 миң 400 кишиге көбөйгөн.

Европа статистикалык кеңсесинин (Eurostat) маалыматына караганда 2016-жылдын башында калкынын саны 510 миллион 278 миң 700 болсо, 28 мамлекеттин эли бул жылы 511 миллион 805 миң 100гө жеткен.

Германия жана Швецария мигранттарды көп кабыл алган жана калкынын санында өсүш байкалган Европа мамлекеттери болду. Кийинки орундарга Люксембург, Мальта, Ирландия жана Австрия илинди. Ал эми Хорватия, Латвия жана Литва элинин саны кыскарган өлкөлөрдүн катарына кирди. Италия, Греция жана Португалияда бираз төмөндөөлөр байкалган.

Европа элинин 16.2 пайызын түзгөн Германия 82.8 миллион жараны менен Европадагы калкы эң көп мамлекет деген наамын коргоп калды.

Статистикалык билдирүүдө төрөлгөндөр менен көз жумгандардын саны бирдей экендиги, мындай көрүнүшкө ЕБдеги миграция себеп болгону белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!