Өрттөн улам 14 миң тургун көчүрүлдү

11-Июль 2017, Шейшемби

Токойдогу өрттөн улам Канаданын Британиялык Колумбия провинциясынан 14 миң адам эвакуацияланганын жергиликтүү “CTV Vancouver News” телеканалы кабарлады. Аталган аймакта дүйшөмбүдө 220га жакын өрттүн очогу байкалса, эми жалындын таралышы олуттуу деңгээлге жеткен.

Жергиликтүү бийлик азырынча канча турак жай жабыркагандыгын кабарлай элек. Бирок тик учактардан алынган аэросъемкалардан улам “катастрофалык кыйроолор” болгонун байкоого болот. Акыркы 14 жылда бардык провинцияларда биринчи ирет өзгөчө кырдаал жарыяланып, өлкөнүн башка аймактарынан түрдүү жардамдар келүүдө.

Кийинки жумада аба ырайында өзгөрүүлөр, жамгырдын жаашы күтүлгөн жок. Андан улам адистер өрттө өчүрүү кыйынга турарын болжолдошууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!