Рак жасалма интеллект менен дарыланганы жатат

11-Июль 2017, Шейшемби

Казакстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов онкологиялык ооруларды дарылоодо жасалма акыл (искусственного интеллекта) колдонулаарын билдирген.

“IBM компаниясы менен биргеликте онкология сферасында жасалма акыл колдонуу боюнча пилоттук долбоор пландалып жатат. Бул системага көптөгөн маалыматтар жана илимий макалалар камтылат. Булардын негизинде бейтаптарга кеп кеңештер берилет. Бейтапты дарылоодо оптималдуу ыкмаларды аныктоого жардам берет”,-деген Елжан Биртанов сүйлөшүүлөр аяктап калганын, долбоор күздөн баштап ишке ашырыларын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!