Рахмон тууралуу китеп жарык көрдү

12-Июль 2017, Шаршемби

Тажикстанда “Контраст” басылмасында тажик тилинде “Тынчтыктын, улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - улут лидери Эмомали Рахмондун ойлору жана сөздөрү” аттуу китеп жарык көрдү.

Анда мамлекет башчысы эгемендик, тынчтык, улуттун биримдиги, тарбия, билим, аялдар жана жаштар, маданият, Республиканын Конституциясы жана адам укуктары сыяктуу бир нече темаларга кайрылган. Булар тууралуу айтылган цитаталар жазылган 464 барактан турган китептин баш сөзүн тарых илимдеринин доктору, президенттин аппаратынын башкы кеңешчиси Зафар Сайидзода жазган.

Ал эми башкы редактору филология илимдеринини доктору, профессор Масрур Абдуллаев болгон.

Басылманын электрондук вариантты өлкөнүн улуттук китепканасынын жана Россия-Тажикстан Славян университетинин сайттарына жарыяланганы турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!