Димаштын сүрөтү түшүрүлгөн учак чыгарылууда ​​

12-Июль 2017, Шаршемби

Казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин сүрөтү түшүрүлгөн учак Кытайга учарын артисттин PR-менеджери Алпамыс Шаримов социалдык тармактагы баракчасына жазган.

“Кытайда Димаш Кудайбергендин сүрөтү түшүрүлгөн учак чыгарылууда. Аба кемеси казакстандык ырчы “Убакыт – деңиз” деген аталыштагы саундтрегин жазган “Moonlight Blade” видео оюнуна арналат. Учак 22-августа Шанхайдан Пекинге алгачкы сапарын ишке ашырат”, - деп жазган Алпамыс Шаримов.

“Tencent” компаниясы иштеп чыккан “Moonlight Blade” оюнунун расмий сайтынан Димаш Кудайбергендин сүрөтүн, ошондой эле аны аткаруусундагы саундтректи көрүүгө болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!