Назарбаев: жакшы өнөктөштөрдүн бирибиз

13-Июль 2017, Бейшемби

Астанага расмий сапары менен келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди Нурсултан Назарбаев Акордодо тосуп алды.

“Президент болуп шайлангандан берки биринчи расмий иш сапарыңыз биздин өлкөгө болду. “EXPO-2017” көргөзмөсүнө катышып жатканыңызга кубанычтабыз”,-деген Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Германиянын экономикасына токтолду.

“Сиздердин өлкөңүздөрдүн жакшы өнөктөштөрүңүздүн бирибиз. Кызматташтыгыбыз боюнча жаңы программалар бар. Бул сапардын алкагында иштиктүү кеңешмелер өтөт жана бизнес-түзүмдөрү боюнча жыйырмага жакын макулдашууларга кол коюлат”,-деди Назарбаев.


Ал эми Германиянын президенти германиялык делегациянын атынан казак элинин меймандостугуна жана чакырууга ыраазычылыгын билдирди. “Жеке дарегиме жана өлкөмө айтылган достук жана жылуу сөздөргө ыраазымын”,- деген Франк-Вальтер Штайнмайер германиялык уюмдардын жана компаниялардын Астанадагы EXPO көргөзмөсүнө активдүү катышып жатканын баса белгиледи.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!