Трамптын импичменти демилгеленди

13-Июль 2017, Бейшемби

АКШнын Демократиялык партиясынын мүчөсү, Калифорния штатынан өкүл Брэд Шерман жана Техастан Эл Грин 12-июлда АКШнын президенти Дональд Трамптын импичменти тууралуу демилге көтөргөнүн “The Washington Post” гезити жазды.

Алар Америка лидерин 2016-жылдагы шайлоого Россиянын кийлигишкени боюнча тергөөгө, сот адилеттигине тоскоолдук кылып жатканы менен айыптады. Ошондой эле, Конгрессмендер дүйнө жүзү Ак үйдүн башчысынын кесипкөй эместигине таң калып жатканын билдирди.

АКШнын президентинин администрациясы конгрессмен-демократтардын Дональд Трамптын импичменти тууралуу демилгесине түшүндүрмө берди. “Бул толугу менен акылга сыйбаган нерсе”,-деди Ак-үйдүн маалымат катчысынын биринчи орун басары Сара Сандерс брифингдин жүрүшүндө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!