Астана Азиядагы беш кооз жердин бири

13-Июль 2017, Бейшемби

“Lonely Planet” басылмасы Азиядагы эң кооз 10 жердин тизмесин жарыялады. Анда биринчиликти Кытайдын Ганьсу провинциясы алды. Ал эми экинчи орунга Японияда порттору менен таанымал Иокогама шаары илинди. Үчүнчүлүк Индиянын Керал штатына ыйгарылса, Казакстандын борбор Астана рейтингде бешинчи сапка жазылды.

Экспертер Астананы нефтиге курулган шаар жана өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин улуу иштеринин бири деп белгилеген. Ошону менен бирге “lonelyplanet.com” сайтында аталган шаарда эл аралык “ЭКСПО 2017” көргөзмөсү өтүп жатканын, 2017-жылы ЕБ, АКШ, Канада жана Австралия башында турган 45 өлкөнүн жарандарына Казакстанга визасыз 30 күнгө жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн маалымдаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!