Трамп: Путин менен жакшы сүйлөштүк

13-Июль 2017, Бейшемби

АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жакшы өткөнүн айтты. Американын “CNB” каналына берген маегинде Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен Гамбургда 2 жарым саатка созулган жолугушуу боюнча айткандарында “Путин менен жакшы түшүнүштүк деп ойлойм”,-деди.

Россия жана АКШ абдан күчтүү өзөктүк куралдарга ээ экенин белгилеген Трамп Сирияда тынчтыкты орнотуу сыяктуу жагдайларда эки мамлекеттин орток кызыкчылыктарын эске алуу менен биргеликте иштешерин айтты.
Россиянын президенти Путиндин Хиллари Клинтон президент болсо сүйүнмөкмүн деген сөзүн айткан Дональд Трамп өзүнүн АКШ армиясына Клинтондон дагы көп каражат бөлүү тууралуу айткандары мындай пикирге себеп болгонун болжолдоду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!