Нөшөрдөн улам шаар толугу менен эвакуацияланды

14-Июль 2017, Жума

Японияда Айти префектурасындагы Инуяма шаарында нөшөрлөгөн жамгыр, андан пайда болгон жер көчкү коркунучун улам 74 миң тургун коопсуз жактарга көчүрүлгөн. Бул тууралуу “Киодо” агенттиги кабарлаган.

Өткөн жумада Кюсю аралынынын түштүк-батышында нөшөрлөгөн жамгыр сел жана жер көчкүгө алып келген. Жаратылыш кырсыгынан 30 адам көз жумган. Дагы ондогон тургундар дайынсыз бойдон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!