Мектеп буюмдарына жарнама жайгаштырылбайт

14-Июль 2017, Жума

Тажикстанда мектеп окуучулары үчүн чыгарылган китептер, дептер жана күндөлүктөргө жарнамаларды жайгаштырууга тыюу салынды.

12-июлда Тажикстан Республикасынын парламентинин жогорку палатасы “Жарнама боюнча” мыйзамга өзгөртүү киргизди.

Ага ылайык китептерге, дептер жана күндөлүктөргө жарнамаларды жайгаштырууга, товарларды жарнамалоодо жана кызмат көрсөтүүдө “эң мыкты”, “номур 1”, “жогорку сапат”, “арзан баада” деген сөздөрдү колдонууга тыюу салынган.

Андан тышкары теле жана радио берүүлөрдүн алдында эфирдик убакыттын үч мүнөтүн алган жарнамаларды көрсөтүүгө жол берилбейт. Узакка созулган жарнама телекөрүүчүлөргө жана угармандарга ыңгайсыздык жаратары баса белгиленген.

Бул мыйзамдын башкы максаты өлкөдөгү жарнама рыногун тартипке келтирүү болуп саналат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!