Казакстан: кыйноо фактылары азайган жок

14-Июль 2017, Жума

Казакстандык укук коргоочу Азамат Шамбилов өлкөдөгү кыйноолорду эффективдүү жана көз карандысыз иликтөөнү камсыздоо үчүн кошумча чараларды кабыл алуу зарыл экенин билдирди. Борбор Азиядагы “Эл аралык түрмө реформасы” (PRI) уюмунун аймактык директору 12-июлда Венада ЕККУнун Туруктуу Кеңешинин жыйынында атайын баяндама жасады.

Шамбиловдун айтымында, Казакстан Кылмыш кодексин гумандаштырууну көздөөдө. Бирок өлкөдө кыйноо фактылары дагы деле көп болууда. PRI уюмунун маалыматы боюнча, 2016-жылы бул багытта 1460 мыйзам бузуу катталган. Алардын ичинен 15 пайыз түрмөлөрдө орун алууда. Кыйноолордун 75 пайызы иликтөө иштери учурунда болууда.

Шамбилов кыйноолорду азайтуу жана аларды адилеттүү иликтөө үчүн кошумча чараларды кабыл алуу зарылдыгын айтты.

Укук коргоочу камалгандардын радикалдашуусу орчундуу көйгөйгө айланып бара жатканына дагы токтолду. Өткөн айда терроризм жана экстремизмге айыпталып соттолгондордун санынын өскөндүгүнө байланыштуу казак бийлиги түрмөлөрдү штаттагы имамдар менен камсыздай турганын жарыялаган.

Шамбилов түрмө кызматын өз алдынча агенттик катары түзүп, жарандык саламаттыкты сактоо системасын киргизүүнү сунуштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!