Мамдума КРнын айдоочуларына уруксат берди

14-Июль 2017, Жума

Мамлекеттик дума Кыргызстан жарандарынын Россия аймагында улуттук айдоочулук күбөлүктөр менен иштөөсүнө уруксат бере турган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Өзгөртүүлөр “Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамга жана Административдик укук бузуулар тууралуу кодекске киргизилди.

1-июндан тарта чет өлкөлүк жарандардын Россияда улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоору күчүнө кирген.

5-июлда Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн таануу сунушун расмий түрдө колдогон.

Эми кыргызстандыктар Россияда (орус тилинде) сынактарды тапшырбастан эле мекенинде алган документтер менен айдоочу болуп иштей алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!