Ирандын президентинин иниси камалды

17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Каржылык кылмыштарга айыпталган Ирандын президенти Хасан Руханинин иниси Хосейн Ферейдун камакка алынды. Бул тууралуу “Iran Front Page” басылмасы өлкөнүн сот бийлигинин өкүлү Голям Хусейн Мохсени Эжеинин билдирүүсүнө таянып жазды. Ал бул адамга карата бир нече иштер боюнча тергөө амалдары жүргүзүлгөнүн айтты.

Ферейдун буга чейин Ферейдун деген фамилияны алып, кийин өзгөрткөн президент Хасан Руханинин жардамчысы болгон.

Январь айында ирандык парламентарийлеринин бир тобу Хосейн Ферейдунду экономикалык кылмыштарга байланыштуу сотко берүүнү сунуштаган.

“Би-би-си” кызматы Ферейдун мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын башчыларынын эмгек акыларынын көбөйтүүгө байланышкан жаңжалга тиешеси бар экенин, бирок президенттин иниси ал айыптоолорду негизсиз деп эсептеп жатканын жазган эле.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!