Financial Times: Ишендире алган жок

17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Англиянын “Financial Times (FT)” гезити Режеп Тайип Эрдоган өткөн жылдагы төңкөрүш аракетине Фетхуллах Гүленди жоопкерчиликтүү дегени менен чет өлкөдөгү союздаштарынын биразын гана ишендире алганын жазды.

“BBC Türkçe” кызматынын маалыматына караганда аталган басылманын Анкарадагы кабарчысы Мехул Сривастава жазган кабарда 2017-жылы 15-июлдун түнү Стамбулдагы Ата түрк аэропортунда билдирүү жасаган Эрдоган төңкөрүш аракетине АКШнын Пенсильвания штатында жашаган Гүленди күнөөлөгөнү эске салынган.

“Бирок Эрдогандын Гүленди айыптуу деп жарыялаганы менен союздаштарынын биразын гана ишендире алды. Балким эч бирөөсү ишенген жок”,-деген сөздөр жазылган.

FT кабарда “Эрдогандын айткандары НАТО, Батыш менен мамилелерди начарлатты. Түркиядагы адам укуктары боюнча көрсөткүчтөргө так калтырды. Ошол эле мезгилде коркутуунун негизинде киргизилген өзгөчө кырдаал шарттары өлкөнү башкарууда Эрдогандын колун күчтөндүрүүгө шарт түздү”,-деп жазылган.

“Далилдер аз”

Басылмада акыркы айларда Англиянын депутаттары окуя боюнча Түркия чыгарган версияга далилдер болбогондугу, Германиянын чалгын кызматынын башчысынын буга ынанууга болбой тургандыгын айткандары, Вашингтон Гүленди чек арадан чыгарууга каршы болгону маалымдалган.

Кабарда Англияда парламенттин Тышкы иштер комитетинин билдирүүсүндөгү “Гүленчилердин айыпталып жатканы өзгөчө маанилүү. Анткени өкмөттүн Гүленчи катары кабылданган адамдарды таасирдүү мамлекеттик кызматтардан алуу аракеттерине шарт түздү” деген көз карашка орун берилди.

Эрдогандын медиадагы күчү аркылуу Гүлендин төңкөрүш аракетиндеги ролу бардык жерден көрүнүп турганын, балдар китептерден окугандыгын, өспүрүмдөрдүн телевизордо көрүшкөнү сыяктуу видеолорду көрсөтө алды.

15-июлдун түнү болгон окуялар ансыз да тынчы кетип жаткан өлкөнү бөлгөнү жазылган. “Негизинен 80 миллион адам ийгиликсиз аяктаган төңкөрүштү башынан өткөрдү. Бирок бул түнү чындыгында эмне болгонун аз гана адам түшүнө алат”,- деген пикирлер орун алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!