“NASA”: Жерди эки жума караңгылык каптайт

19-Июль 2017, Шаршемби

“NASA” эксперттери күзүндө боло турчу сейрек көрүнүш тууралуу эсертишет. Ал учурда жер жүзүн эки жумага караңгы түн каптаарын билдиришти.

Аталган маалымат Барак Обаманын президенттигинин учурунда АКШнын космос агенттигинин башчысы Чарлз Болден, миң барактан турган Ак үйдөгү отчеттон алынганын билдирген.

Уникалдуу изилдөөдө, аталган көрүнүш ноябрь айларында боло турганын кабарланат. Чолпон жылдызынын Юпитердин түштүк-батышынан өтөрүн жана ошол эле учурда ал он эсе жарык болот. Бул кубулуш параллелизм деп аталат.

Космосто Чолпон жылдызы өткөн учурда ири өлчөмдө суутек бөлүнөт. Күнгө жеткенден кийин жылдыз бетинде күчтүү жардыруулар болот. Заматта абанын температурасы тогуз миң градус Кельвинге чейин көтөрүлүп жана ачык көк болуп калат. Күндүн кадимки абалына кайтып келиши үчүн 15 сутка керектелет. Ошондуктан 15-29-ноябрда илимпоздор пикири боюнча жердин тургундарын жасалма жарык берүүнү колдонууга туура келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!