106 жаштагы дарыгер көз жумду

19-Июль 2017, Шаршемби

106 жаштагы япониялык Сигэаки Хинохар өмүрүнүн акырына чейин дарыгерлик кесиби менен эмгектенген. Япония бийлиги анын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“NHK” телеканалынан кабарлаганына караганда ал дем алуу органдарындагы көйгөйдөн улам көз жумган.

1941-жылы Хинохара Токиодогу Эл аралык клиникалардын биринде терапевт болуп эмгектенген. Кийин ал башкы дарыгер жана директорлор кеңешинин төрагасы болгон. 1995-жылы дарыгер Япониянын борбор шаарында метродогу терракта жабыркагандарга өзү жардам көрсөткөн. Дени сак жашоо образын даңазалаган Хинохара 90 жашында “Акыл менен жашоо” аталышындагы эссе жазса, чыгармасы 1,2 миллион нускада жарык көргөн. Андан тышкары ооруканада дайыма музыкалык кечелерди уюштурган дарыгер катары өзгөчөлөнгөн.

Хинохара туура тамактануу жана оптимистик маанай узак жашоонун сыры деп эсептеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!