Криштиану төртүнчү жолу ата болот

19-Июль 2017, Шаршемби

Белгилүү футболчу Криштиану Роналдунун үй-бүлөсүндө быйыл төртүнчү наристе жашоого келет. Мадриддик «Реал» клубунун чабуулчусу чет элдик басылымага берген маегинде сүйүктүсү Джорджина Родригестин кош бойлуу экенин тастыктады. Бул тууралуу “24tv.ua” маалымат сайты кабарлады.

«Дагы балалуу болоорума кубанычтамын», - деди футбол чебери.

Айта кетсек, футболчунун тун уулу– 7 жашар Криштиануну суррогат эне төрөгөн. Ушу жылдын июнь айында дал ошол суррогат эне дагы эки эгиз баланы дүйнөгө алып келген. Кыз менен балага Матео жана Ева деген ысымдар ыйгарылган.

Испан модели Родригестин курсагындагы бала Роналдунун төртунчү баласы болот.

Футболчу сүйүктүсү Дж.Родригес менен өткөн жылдын жаз айларынан бери кыз жигит болуп жүрөт. Ал эми көпчүлүккө бул тууралуу ушул жылдын жай айында гана маалымдалган. Ошондон кийин ММКда испан кыздын кош бойлуу экендиги тууралуу маалыматтар тарай баштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!