“Despacito” ыры 4,6 миллиард угарман топтоду

20-Июль 2017, Бейшемби

Пуэрто-риколук музыкант Луис Фонсинин “Despacito” аттуу ыры дүйнөдө эң угумдуу чыгармалардын катарын толуктады. “Universal Music Latin Entertainment” компаниясы аталган композиция “YouTub” сыяктуу түрдүү платформаларда 4,6 миллиард угарман топтогонун билдирди.

Латин Америкасында “Despacito” ыры январь айынан баштап хит-парадда алдыңкы орунду ээлеп келген. Канадалык ырчы Жастин Бибер ырды жаңылап жаздыргандан бери угумдуулугу артып, Түндүк Америкада жана Европада угармандары көбөйгөн.

Маалымат каражаттары чыгарма түрдүү кырдаалдарга себеп болгонун, июнь айында Аргентинанын эл аралык аэропортунда 15 мүнөт иш токтогонун жазган. Анда учкуч микрафонду өчүрүүнүн унутуп, жердеги кызматка ырды угузуп кете берген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!