Трамптын уулу түшүндүрмө берет

20-Июль 2017, Бейшемби

АКШнын президентинин уулу кенже Трамп менен күйөө баласы жана башкы кеңешчиси Жаред Кушнер Россиянын шайлоого кийлигишкени боюнча териштирүү иштеринин алкагында сенаторлордун суроолоруна жооп берет.

Келерки аптада кенже Трампты Хиллари Клинтон туурасында маалымат алуу максатында орус адвокаты менен жолугушкан деген айыптын негизинде оор суроолор күтүп жатканы белгиленүүдө.

Кенже Трамп жана шайлоо өнөктүгүндөгү менеджери Пол Манафорттун айткандары камералардын жардамы аркылуу жалпы элге жарыяланары күтүлүүдө.

Орус адвокат айтылгандарды жокко чыгарган

Ал эми Клинтон тууралуу маалыматтарды берүүнү каалаган делген адвокат Наталья Весельницкая өзүнө карата айтылгандарды жоко чыгарган. Ал орус өкмөтүн буга тиешеси жок экендигин,кенже Трамп менен жолугушканда Дональд Трамп Республикачыл партиядан талапкер экенин билбей турганын айткан.

Трамптын күйөө баласы түшүндүрмө берет

Президенттин күйөө баласы, башкы кеңешчиси Жаред Кушнердин адвокаты Аббе Лоуэлл 24-июлда кардары АКШ сенатынын Чалгын комитетинин алдында жабык эшик артында түшүндүрмө берерин билдирди.

АКШ Россияны президенттик шайлоого кибердик кол салуу жолу менен таасир эткени менен айыптап келет. Ал эми Россия айтылгандарды танууда. Бул боюнча Америка Конгресси жана атайын адвокат өз-өзүнчө иликтөөгө киришкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!