Катар антитеррордук мыйзамын өзгөртөт

21-Июль 2017, Жума

Катардын бийлиги антитеррдук мыйзамга оңдоо киргизерин билдирди. Королдуктун эмиринин буйругунда террорчулукту каржылоого колдонулуп жаткан активдерди тоңдуруу эрежелери каралган. Андан тышкары жаңыланган мыйзамда террорчулукка байланышкан жеке жактар жана уюмдар үчүн эки “кара тизме” түзүлөрү болжолдонгон.

Эске салсак, июнь айынын башталышында Перс булуңундагы бир нече өлкөлөр террорчулукка колдоо көрсөтүү, ички иштерге кийлигишти деген айыптын негизинде Катар менен болгон дипломатиялык мамилелерин үзгөн. Андан улам Дохага 13 талаптан турган ультиматум жарыялаган. Бул жумада тизменин 6 пунктун кыскарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!