464 миллиард доллар накталай акча

21-Июль 2017, Жума

“Moody's” эл аралык рейтинг агенттиги жарыяланган билдирүүдө “Apple”, “Google” жана “Microsoft” компанияларынын өткөн жылдын аягында 464 миллиард доллар накталай акчасы болгону белгилүү болду.

“CNN” телеканалы бул акчанын ири бөлүгү “салык жабыттарында” болгону баса белгиленген. Бир эле “Apple” чейрек триллион доллар накталай акчага ээ экени билдирилген.

“Moody's” агенттиги иликтеген ишканалардын жалпы акчасы 1.84 триллион долларга жеткени, 2016-жылдын аягында андан мурдагы жылга салыштырмалуу 11 пайызга өскөнү, 2008-жылдагы өлчөмдүн 2.5 эсеге көбөйгөнү белгилүү болгон.

АКШ ишканаларынын колундагы 1.84 триллион доллардын 70 пайызына туура келген 1.3 триллион доллары АКШ салык ала албай турган өлкөлөрдө кармалып турганы болжолдонууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!