Палестина-Израиль: дипломатиялык мамилелер токтоду

22-Июль 2017, Ишемби

Палестина мамлекетинин президенти Махмуд Аббас Израиль менен бүтүндөй дипломатиялык мамилелер токтогонун билдирди. “Мындай кадам Аль-Акса мечитинин кире беришине коюлган темир детекторлор алынганга чейин уланат”,-деди өлкө башчысы.

21-июлда Израилде 50 жашка чейинки тургундарга жума намазын Чыгыш Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине кирүүгө тыю салынган. Андан улам полиция менен нааразы тараптын ортосунда жаңжал чыккан.

Аль-Акса мечитинен тышкары Батыш Шериадагы жаңжалда 3 адам көз жумса, 190 киши жаракат алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!