Ысырап жана керектөөнүн чеги канчалык?

22-Июль 2017, Ишемби

Жыл сайын 300 миллион тонна пластик өндүрүлсө, бул өлчөмдүн бардыгы бир колдонгонго гана жарайт. Илимпоздор 8 миллион тонна желим таштанды океан, деңиздерге коркунуч жаратып, теңдешсиз өлчөмдө таштандылардын толкунуна дуушар болуп жатканын эскерткенден чарчады. Бирок адамзат чеги жок керектегенден чарчабады.

Стелла Маккартни “Күз/Кыш 2017-18” кампаниясында экологияны коргоо боюнча айткандарында “Ысырап жана керектөөнүн чеги канчалык? Келерки муундарга таштанды жыйгандан башка нерсе калтырбаганыбызды билесиңерби?”,-деген суроо салган.

“Бул өнөктүк аркылуу эмнени каалаганыбызды, келечек боюнча жоопкерчиликтерибиз тууралуу суроо салууну туура көрдүк. Адам күчү, колу менен жараткан ар бир нерсе өзүбүздүн тегерегибизде айланууда. Кийинки жашоо, жандуулар жана планетанын келечегинен кабарыбыз жок”,-дейт Стелла Маккартни.

2001-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып жүргөн дизайнер мындай суроо берүүгө укуктуу экенин, анын чакырыгына Швейцариялык сүрөтчү Урс Фишер кошуларын айтты. Ал Стелланын ойлорун жана адилеттүү көз карашын колдобой коюуга мүмкүн эместигин билдирди.

67 жылда 9 миллиард тонна желим өндүрүлдү

Окумуштуулардын айтымында 1950-жылдан бери өндүрүлгөн 9 миллиард тонна пластиктин азы гана кайра иштетилет. Экология боюнча адистер дүйнөдөгү желим өндүрүшү жана таштандыларга байланыштуу изилдөөлөрүнөн улам “Ушундай ыргакта жүрүп отурса Жер пластик планетага айланат”,-деген тыянакка келишкен.

Изилдөөлөрдө 67 жылда дүйнөдө эң көп өлчөмдө пластик чогулганы, кооптоно турган жагдай бул өлчөмдүн тездик менен көбөйүп жатканы белгилүү болгон. Илимпоздордун айтымында пластик көйгөйү менен күрөшүүдөн мурда алгач дүйнө жүзүндө канча өлөмдө пластик болгонун билүү керек. Маалыматарга караганда 9 миллиард тонна пластиктин 7 миллиард тоннасы колдонулбайт. Болгону 9 пайызы иштетилет жана баасы арзан болгондуктан өндүрүштө, ар тармакта кеңири пайдаланылат. Анан калса желим жаратылышта өз алдынча жок болуп кетпейт. Көп бөлүгү кургакта, деңиздерде, көлдөрдө таштанды катары кала берет. Мындай таштандылар океандарга чогулган учурлар көп жана 600дөн ашык суу жандыктарына зыян тийгизгени белгилүү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!