Израиль элчилигине кол салуу болду

24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Амман шаарындагы Израилдин элчилигине кол салууда Иорданиянын бир жараны көз жумган. Андан тышкары Израилдин бир, Иорданиянын дагы бир тургуну жаракат алган.

Турак үйдө жайгашкан элчиликтин кеңсеси учурда коопсуздук күчтөрү тарабына курчоого алынган.

Окуя болгон жерде жүргөн “Би-би-си” кызматынын кабарчысы кол салуу болгон жерге кирүүгө мүмкүн болбой жатканын, бийлик бул боюнча маалымат тарата электигин кабарлаган.

Израиль-Иордания тынчтык келишими 1994-жылы түзүлгөн

Израиль Чыгыш Иерусалимдеги Чиркөө тоосунда коопсуздук чараларын күчөткөндөн бери эки өлкөнүн ортосундагы мамиледе чыңалуу пайда болду. Өткөн жумада Израиль бийлиги Аль-Акса мечитине кирүүнү чектегенден бери миңдеген иорданиялыктар каршылыгын билдирип, демонстрацияга катышты.

Чиркөө тоосунда мусулмандардын ыйык жайлары Аль-Акса жана Омар мечиттери жайгаштырылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!