Корей актрисасы Сон Хе Ге турмушка чыгат

24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Сон Хе Ге жана Сон Джун Кинин ортосундагы мамиле тууралуу имиштер көп убакыттан бери айтылып акыр аягы ал тастыкталды. Сүйүшкөндөр көптөн бери кыз-жигит болуп жүргөндөрүн жана жакында үйлөнүшөөрүн моюндарына алышты. Той 2017-жылдын 31-октябрына белгиленген. Бул тууралуу маалыматты жуптун расмий өкүлдөрү жарыялашкан, андан кийин Сон Хе Ге күйөрмандары менен бөлүшкөн.

Белгилүү болгондой, Сон Хе Ге жана Сон Джун Ки "Күн урпактары” сериалы тартылгандан кийин сүйлөшүп башташкан. Күйөрмандар бул жупту сүймөнчүлүгүнө ээ болушкан жана чыныгы сүйүүгө айлануусун каалашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!