Кабулдагы жардыруудан 35 киши көз жумду

24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Афганистанда 24-июлда жергиликтүү саат 6:40та катталган жанткечтинин жардыруусунан 35 адам көз жумса, 40 адам жарадар болгон. “Toyota Corolla” үлгүсүндөгү унаага салынган бомба Тоо-кен жана мунай өндүрүш министрлигинин кызматкерлерин ташыган кичи автобустун жанынан жарылган. Курмандыктардын саны өсөөрү болжолдонууда.

Кабулдагы террордук акт боюнча жоопкерчиликти экстремисттик “Талибан” кыймылы алганын “Pajhwok” агенттиги кабарлаган.


Террорчулардын бутасы Тоо кен жана мунай өндүрүш министрлигинин кызматкерлерин ташыган кичи автобус болгон.

Жардыруу афган саясатчысы, аткаруу бийлигининин жетекчисинин орун басары Хажи Мохаммад Мохакиканын үйүнө жакын жерде катталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!