Россия-Армения: орток армия түзүлөт

27-Июль 2017, Бейшемби

Россиянын президенти Владимир Путин Армения менен орток армия түзүүнү туура көргөн макулдашууга кол койду.

Келишимде армиянын милдети Россия менен Арменияга куралдуу кол салууларды “бир кол башчы, бир пикир жана бир пландын" негизинде кайтаруу болуп саналат.

“Sputnik” сайтындагы маалыматка караганда Кремлдин расмий “Интернет” баракчасындагы билдирүүдө “Россия Федерациясы жана Армения республикасынын ортосунда 2016-жылдын 30-ноябрында Москва шаарында кол коюлган орток армия түзүүгө байланышкан келишим бекитилди”,-деген сүйлөмдөр орун алган.


Буга чейин макулдашуу Россия парламентинин жогорку канаты Федерация кеңешинин кароосунан өткөн.

Кавказ аймагындагы аскердик коопсуздукту камсыз кылууну максат кылган макулдашуудагы негизги милдеттер Россия же Арменияда куралдуу кол салууну “бир кол башчы, бир пикир жана бир пландын" негизинде кайтаруу болуп саналат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!