Россия базаны дагы 50 жыл пайдаланат

28-Июль 2017, Жума

Президент Владимир Путин Сирия өкмөтү менен Россиянын Латакиядагы Хмеймим аба базасын пайдаланууну 50 жылга узартуу боюнча макулдашууга кол койду. Ага ылайык орус аскер күчтөрү Хмеймим аба базасында 49 жылга калат.

Январь айында Дамаскта кол коюлган келишим Сирия өкмөтүнүн армиясына каршы күчтөргө абадан аракет кылууга уруксат берет. Ошондой эле макулдашуунун мөөнөтү аяктаганда дагы 25 жылга узартуу жагы каралган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!