Түркмөнстандын президенти министрлерге машыгууларды көрсөттү

28-Июль 2017, Жума

“Аваза” туристтик аймагынд эс алууда жүргөн Гурбангулы Бердымухамедов 27-июлда министрлерге, күч түзүмүнүн жетекчилерине жана парламенттин өкүлдөрүнө спортзалда машыгууларды көрсөттү. Бул тууралуу “Түркмөнстан Хроникасы” сайты жарыялады.

Гурбангулы Бердымухамедов 27-июлда Балкан велаятындагы улуттук “Аваза” туристтик аймагына кыска мөөнөттөгү эс алууга кеткен. Мамлекет башчысын борбордогу эл аралык аэропорттон расмий түрдө узатышканын мамлекеттик “ТДХ” маалымат агенттиги кабарлаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!