Карыздан качып, пластикалык операция жасаткан

29-Июль 2017, Ишемби

Кытайдын Хубэй провинциясынын тургуну 25 миллион юань (3,7 миллион доллар) насыясын төлөбөө үчүн пластикалык операция жасаткан. Бул тууралуу “Синьхуа” агенттиги жазган.

Хубэй провинциясындагы Ухань шаарынын сотунун чечиминен кийин 59 жаштагы Чжу Нацзюань аттуу аял пластикалык операция жасатып, башка жакта жашырынып жүргөн.

Агенттиктин маалыматына караганда ал июль айында башка бирөөнүнү күбөлүгү менен Шэньчжэнь шаарына поездге билет алып жаткан жеринен кармалган. Полиция кызматкерлери аялдын өзүнүн сүрөтүнө эч окшобогонуна, 30-40 жаштардагыдай көрүнгөнүнө таң калышкан.

Акыркы мезгилдерде Ухань шаарынын бийлиги насыя төлөөдөн качкандар менен олуттуу күрөшүүгө киришкен. Акыркы алты айда бул шаарда 186 адам карызын төлөөдөн баш тартканы менен айыпталган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!