Дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө ачылды

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Швейцариянын Церматт шаарына жакын жерде дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө ачылды. Бул жөө жүргүнчүлөргө ылайыкталганын “Л!ГА Новости” сайты билдирет.

“Европалык” деп аталган көпүрө 85 метр бийиктикте орун алган.

Церматтын туризм кеңеши дүйнөдөгү жөө жүргүнчүлөр үчүн эң бийик болбосо дагы эң узун көпүрө болорун билдиришти.


Көпүрөнү кармап турган аркандардын салмагы болжол менен сегиз тонна турат. Ошондой эле ал солкулдатпай кармоочу система менен жабдылган.

Көпүрө - Италия менен чек аралаш Швейцариянын түштүк жагындагы Грэхен жана Цермат шаарларынын ортосундагы туристтик багыттын бир бөлүгү. Андан Маттрехорн тоосу жакшы көрүнүп турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!