​Дүйнөдөгү жаратылышка жакын шаарлар

4-Авг. 2017, Жума

“Siemens” корпорациясы Жашыл шаарлар индексине таянып, акыркы мезгилдердеги жаратылышка эң жакын шаарларды аныктады. Анда Европа, Латын Америка, Азия, Африка жана Түндүк Америкадагы 120 шаар иликтөөгө алынган.

Изилдөөдө абада көмүр кычкыл газын өлчөмү, альтернативдүү байланыш системалары, суу менен камсыз болуусу жана таштандыны иштетүү, экология саясаттары эске алынган. Анда алгачкы беш сапка кирген шаарлардын жаратылышка жакын болгону белгилеп өтүүчү өзгөчөлүктөрдүн бири. Бул калаалардын бардыгы тарыхты, маданиятты, достукту жактаган, жайгашкан аймактары жагынан өзгөчөлүү шаарлар.

“Siemens” корпорациясы тизмелеген дүйнөдөгү жаратылышка жакын шаарлар төмөндөгүлөр

  • 1.Ванкувер, Канада


Шаарда жашыл энергияга үзгүлтүксүз үндөп турушат. Велосипед жана жөө адамдар жүрүүчү жолдорго, жашылдандырылган коомдук жайларга маани берилет. Изилдөөлөрдө абасы башка шаарларга салыштырмалуу өтө таза экени белгилүү болгон.

  • 2. Куритиба, Бразилия


Куритиба Латын Американын маанилүү маданий, саясий жана экономикалык борбору. 60-жылдарда Куритибада дүйнөдөгү эң тез жүргөн транзиттик автобус системалары өнүктүрүлгөн. Ошол мезгилден бери шаарда жаратылыш үчүн ыңгайлуу инфраструктурага маани берилет.

  • 3.Копенгаген, Дания


Копенгаген Европадагы эң жашыл, эң либералдуу шаарлардын бири. Ал жакта кайра иштетүүгө, энергияны үнөмдөөгө көп көңүл бурулат. Экологияга көңүл бөлгөн ар бир ишкерге шаардын эшиги ачык.

Копенгагенде жашылдандырууну өнүктүрүү боюнча атайын ишканалар, жогорку окуу жайлар жана уюмдар менен тыгыз иш жүргүзүлөт.

  • 4.Кейптаун, Түштүк Африка


Кейптаун адамдарга дем күч берген, жаратмандыкты көрсөтүп турган шаар. Жаратылыштын кооздугу менен курчалган бул метрополь калаада жашоонун сапаты бир топ жакшы. Иштөө кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

  • 5.Сан-Франциско, АКШ


Сан-Франциско же Түндүк Американын эң жашыл шаары бул тизмеге кирип калганы күтүүсүздүк эмес. Бул жактын эли өз аймагында өндүрүлгөндөрдү керектөөгө көнгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!