Көз жумгандардын сөөгү мекенине жеткирилет

4-Авг. 2017, Жума

Абхазияда ок дарылар сакталган кампадагы жарылуудан көз жумган россиялык туристтердин сөөгү Санкт-Петербургга бүгүн, 4-августта кечинде жиберилгени турат. Бул туурасында “Риа Новости” агенттигине республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлаган.

Буга чейин Абхазия өкмөтү курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 500 тысяч рубль өлчөмүндө компенсация төлөнү чечкен.

Абхазиянын президенти Рауль Хаджимба өлкөдөгү ок дары сактоочу кампадагы жарылуудан көз жумган эки россиялык туристтин жакындарына көңүл айткан. Анда “Абхазия эли эки россиялык туристтин көз жумганын терең кайгыруу менен кабыл алды. Элимдин жана өзүмүн атыман алардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”,-деген.

Жарылуу шаршембиде Приморское айылындагы Абхазиянын Коргоо министрлигинин кампасында катталган. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда кырсыкта 64 адам жабыркаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!