Барак Обама күнү расмий майрамдалат

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

“Барак Обама күнү” Американын Иллинойс штатында жыл сайын 4-августта майрам катары белгиленмей болду. Бул тууралуу “The Hill” интернет-басылмасы жазган.

Мындай токтомго аталган штаттын губернатору Брюс Раунер кол койгон жана 4-август эс алуу күнү болорун расмий түрдө жарыялаган. “Бул күнү экс-президенттин эмгеги тууралуу айтылып, анын дарегине куттуктоолор жолдонот”,-деди губернатор.

4-август АКШнын 44-президенти Барак Обаманын туулган күнү. Ал президенттик кызматка келгенче 1997-жылдан 2004-жылга чейин Иллинойс штатынын сенаторунун милдетин аткаруучу болуп эмгектенген. Маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда бул мезгилдерде ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү программаларын үстүндө иштеген. Ошондой эле тергөө органдарына көзөмөлдү күчөткөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!