Монголия-Кытай: ЭКСПО көргөзмөсү өтөт

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Монголия жана Кытай ЭКСПО-2017ге даярдык көрө баштады. Эл аралык көргөзмө Улан-Батор жана Пекиндин ортосундагы экономикалык байланыштардын деңгээлин көтөрөт.

Иш-чара 26-30-сентябрь аралыгында ички Монголиянын Хух-Хото административдик борборунда өтөт.


“Эки жылда бир өтүүчү көргөзмө Кытай жана Монголиянын экономикалык байланыштарын жогорулатпастан, жалпы эле Түндүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматаштыкты бекемдейт”, - деп билдирген Кытайдын Коммерция министринин орун басары Цянь Кэмин ЭКСПО боюнча брифингде.

Ошондой эле ал тараптар инфраструктура, мал чарбачылыгы жана минералдык ресурстар жагынан кызматташтыкка маани берилип жатканын, көргөзмөгө Кытай, Монголия жана Россиянын 2000ден ашык өкүлү катышарын кошумчалаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!