Жетекчи 12 жылга кесилиши мүмкүн

8-Авг. 2017, Шейшемби

Түштүк Кореянын прокуратурасы “Samsung Group” компаниясынын жетекчиси Ли Чжэ Ёндин пара алгандыгы аныкталса аны 12 жылга түрмөгө камоону талап кылып жатат. Бул тууралуу “Интерфакс” жазып чыкты.

Басма сөздүн маалыматы боюнча, прокуратура 49 жаштагы Ли Чжэ Ёндун 4 айдагы сот уктурууларынан кийин ушундай позицияга өттү. Сот чечими август айынын аягында чыгат.

Тергөө жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн экс-президенти Пак Кын Хенин курбусу Чхве Сун Силь ири бизнести ага караштуу эки өкмөттүк эмес фондго мыйзамсыз миллиондогон каржы салууга милдеттенген.

Анын ичиндеги эң чоңу “Samsung” концерни болду. Компания Чхве Сун Сильге 43,3 млрд вон (38 млн доллар) которгон.

Ал эми Ли Чжэ Ён болсо, тагылган айыпты жокко чыгарып жатат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!