Август айында болчу 7 көрүнүш

9-Авг. 2017, Шаршемби

“National Geographic” тарабынан түзүлгөн тизме боюнча ушул жылдын август айынын аягына чейин, асманда бир нече кубулуштарды байкоого болот. Бул айда асманда көптөгөн кубулуштар болот жана аларды санап өтсөк:

2-августта Сатурн жана Ай бир ортого келди жана асмандагы бул кубулушту куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болду. Аны менен бирге 7-август күнү Ай тутулду, бул жана ушуга окшогон астрономиялык кубулуштарды өткөрүп албооңуз үчүн төмөнкү тизмени сунуштамакчыбыз.

7-август- Айдын тутулушу

7- 8-августка караган түнү Ай тутулду. Мындай сейрек көрүнүш түнкү 02.50гө чейин уланды.Кыргызстандыктар айдын тутулушун 00.20дан, тагыраагы Ай Жердин көлөкөсүндө кала баштаганда көрө алышты. Күн өзүнүн көлөкөсү менен жандоочусу Айды толугу менен жаап калганда, ал кочкул кызыл болуп көрүнөт.

12-август- Жылдыздар жамгыры

12-август түнү адамзат "Персеиддер” деп аталган метеориттин агымын байкай алышат. Дал ушул түнү ал өзгөчө күчөйт. "Персеиддерди" бүткүл дүйнө боюнча байкоого болот, алар - бир кездеги чачыраган Свифт-Таттл кометанын бөлүкчөлөрү.

16-август - Ай жана Альдебаран

Альдебаран кызыл алп жылдыз болуп саналат. 16-август күнү Айдын жогорку оң жагынан аны байкоого болот. Бул учурду текке кетирбеңиз, канчалык кызыктуу экенин дагы бир жолу күбө болосуз. Альдебаран Жерден 65 жарык-жыл алыста жайгашкан. Ал эми Ай болжол менен 384 403 км. алыстыкта.

19-август - Венера жана Ай

Күн системасынын экинчи планетасы болгон Венераны да үйүңүздө отуруп кооздугуна байкоо жүргүзө аласыз. Ай менен бир ортого келген Венера кесипкөй сүрөтчүлөр үчүн да табылгыс көрүнүш болуп берет.

21-август - Күндүн толук тутулусу

Улуу Британиянын улуттук Күн обсерваториясы 21-август күнү эң ири Күн тутулуусу болоорун билдирген. Окумуштуулар “тарыхтагы эң ири” деп аташкан тутулуу учурунда Күн чамасы менен 90 мүнөт бою Айдын артында калат. Бул тутулууну АКШдан гана көрүүгө болот.

25-август- Юпитер жана Ай

Юпитер жана Айды бир жерден көрүүгө мүмкүндүк ачкан дагы бир кубулушту байкоого болот. Ошону менен бирге бул эки гиганттын жанынан “Spica” көк жылдызы да байкалат. Сиз бул үчилтикти коё берип жибербеңиз.

30-август - Сатурн жана Ай (II)

2-август күнү Сатурн менен Айдын жолугушусун өткөрүп жиберген болсоңуз тынсызданбаңыз. Себеби августу кандай баштасак ошондой жабабыз. Бул учурду кайрадан күн баткандан кийин коштошом деп дагы бир жолу чыкканда байкоого болот.

Шаардан чыгып айылда же тоодо болсоңуз мындай укмуштуудай асмандагы кубулуштарды өткөрүп жибербеңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!