Полицейлердин калпы чыкты

9-Авг. 2017, Шаршемби

Эверести багындырганын жарыя кылган индиялык жуптардын калпы иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Акыры алар полиция кызматындагы иш ордунан ажырады.

Өткөн жылы Динеш жана Таракешвари Ратоддор 23-майда дүйнөдөгү эң бийик (8850 метр) чокуга ийгиликтүү жеткенин жарыялаган. Алар жетишкендиктерин далилдөө максатында фото сүрөттөрдү көрсөткөн.

Непалдын Туристик департаменти жуптарга бийиктикти багынткандыгы боюнча сертификат ыйгарган. Индиянын айрым маалымат каражаттары бул окуяга “улуттук жеңиш” деген баасын берип, жарыялоого ашыгышкан.

Бирок альпинист Бангалор Сатьяруп Сидхантха бул фото сүрөттөр өзүнө таандык экенин кабарлаган. “Алар менин сүрөттөрүмдү алып, “Фотошоп” программасы аркылуу өзгөрткөн жана сертификаттарды алышкан”,-деп жазган Сидхантха социалдык тармактарга.

Буга удаа альпинисттердин базалык лагерге барганы менен бийиктикке жеткенинин ортосундагы убакыттын дал келбегени боюнча шектенүүлөр жаралган.

Альпинист Анджали Кулкарни бул жуптарды базалык лагерден 10-майда көргөнүн, ал кезде алар машыгуудан эле эмес, климатка көнө электигин айткан.

Дүйшөмбүдө Махараштра штатынын полициясы расмий түрдө фотография жасалма экенин тастыктаган. Иликтөөлөрдү жүргүзгөн жетекчилердин бири Сахебрао Патил жуптарды жалган маалыматты таратканы, Махараштр полициясына шек келтиргени менен айыптаганын “PTI” агенттиги жарыялады. Аларга кандай жаза берилери белгисиз.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!