Япондор ээрибеген балмуздак ойлоп табышты

9-Авг. 2017, Шаршемби

Япон изилдөөчүлөрү аптаптуу ысыкта эрибеген балмуздак ойлоп табышты. Алар балмуздактын курамына кадимки полифенол кошулмасын аралаштыруу аркылуу жаңылык жаратышты.

Канадзава изилдөө университетинин кызматкерлери ойлоп тапкан балмуздак элдин көңүлүн өзүнө бура алды. Ал эми анын курамындагы полифенол кошулмасы адамдын ден соолугуна зыяндуу эмес экен. Изилдөөчүлөр бул кошулма кулпунайдан алынаарын айтышкан. Тагыраак айтканда, полифенол балмуздактын курамын катырып, ээрибеген касиетке ээ болот. Ээрибеген балмуздак медициналык талаптарга жооп берет деп айтылууда. Жакынкы убакытта Япониядагы дүкөндөрдө сатыка чыга баштайт.

Интернеттеги маалыматтарга ишенсек, япондуктар бир балмуздакты 5 мүнөт ичинде +28 градустагы ысыкта кармап, анын эрибегенин көрүшкөн. Балмуздак +40 градуска чейин оңойлук менен ээрибейт.

Белгилей кетсек, бир нече жыл мурун улуу британиялык окумуштуулар ээрибеген балмуздак ойлоп табышыканы маалымдалган эле. Бирок, кандай жасалганынын сырын ачышкан эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!