Коюу туман акыр заманды ойлондурду

9-Авг. 2017, Шаршемби

Калифорниянын Санта-Круз шаарындагы жээктин эс алуучулары ачык турган асманды калың туман күтүүсүз каптаганына күбө болушкан.

“YouTube” сайтына жарыялаган видеонун авторунун айтымында асман күтүүсүз жерден түнөргөн. Катуу шамал жүрүп, коюу булуттар каптаган.

“Кол чатырлар учту. Кум бетиме чачылды. Элдер шашкан бойдон жээктен кетишти. Бир нече мүнөттөн кийин тумандуу булут жакындан өтүп, күндүн көзү көрүндү”,-деген түшүндүрмөсүндө автор.

Бул көрүнүшкө ар ким ар башкача түшүндүрмө берүүдө. Араларында коркуткан теорияларын, акыр заман тууралуу ой бөлүшкөндөр болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!